Францияда фермер 150 тоннага жакын алтын таап алды


Францияда фермер Мишель Дюпон өзүнө таандык жердеги суунун жээгинде сейилдеп жүрүп, 150 тоннага жакын алтын таап алды. Бул тууралуу Коммерсант гезити жазды.

Маалыматка караганда, анын табылгасы 4 млрд еврого жетет (болжол менен 360 млрд сом) деп бааланууда.

“Мен участогумду текшерип жүргөм. Анан жерде бир нерсе жаркырап жатканын көрдүм. Жерди казганда алтын чыкканына ишенбей таң калдым”,— деди фермер.

Бул окуядан кийин тиешелүү органдар фермер таап алган алтынды алып кетишкен. Мыйзам боюнча, табылга мамлекетке өтөт.

Эгер Дюпон жерди казууну кааласа, жергиликтүү бийликтен уруксат алышы керек болот. Фермер алтынды таап алгандан көп өтпөй ага жакын жайгашкан жер тилкелеринин баасы өскөнү айтылууда.