Кылмыш-кырсык

Баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматында болгон ок атуунун чоо-жайы айтылды

Бираз мурда белгилүү болгон ИИМдин Баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча кызматынын башкармалыгынын башчысынын орун басары (Б.Н.) жана башкармалыктын ыкчам кызматкеринин (Р.М.) ортосунда чыккан чырдын чоо-жайы аныкталды. 

12-октябрь күнү болжол менен саат 11:15те Р.М. (ыкчам кызматкер), Б.Н. (орун басар) менен кызматтык мамилени чечишүү үчүн иш бөлмөсүнө келип, алардын ортосунда кайым айтышуу башталып, башка кызматкерлердин талабы менен Р.М. өзүнүн иш бөлмөсүнө кеткен. Андан кийин Б.Н. уставга туура келбеген окуяга чара көрүүсү үчүн Баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча кызматтын башкармалыгынын жетекчилигине барган. Бирок териштирүү учурунда иш бөлмөлөрдүн биринде куралды этиятсыз колдонуудан улам Б.Ндин сыйлыкка берилген куралынан ок чыгып, ок жерге атылган», — деп билдиришти аталган кызматтан.

Учурда иштин себеби билинип кызматтык иликтөө уланууда. 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button