Маданият

«Бейишке жол» кыргыз тасмасынын дүйнөлүк премьерасы Таллинде болот

Режиссерлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун «Бейишке жол» («Эдемге жол») тасмасы Таллинде өткөн «Караңгы түндөр» кинофестивалынын башкы сынагына кирди. Бул тууралуу кинофорумдун сайтында маалымдалды.

Фильмдин дүйнөлүк премьерасы Таллинде болот.

Фильмде Марат Алышпаев, Шайыргүл Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажиканова, Калип Үсөнова, Өмүрзак Токтомуратов роль жаратышкан. Элнура Осмоналиева биргелешип продюсер болгон.

Фестиваль 13-29-ноябрь аралыгында Эстониянын борборунда өтөт.

Эл аралык «Dark Nights» кинофестивалы дүйнөдөгү эң мыкты 15 фестивалдын катарына кирет жана 1997-жылдан бери Таллинде жыл сайын өткөрүлүп келет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button