Кылмыш-кырсык

Жалал-Абада 4 кг жакын баңгизат алып жүргөн жаран кармалды

Жалал-Абад ШИИБдин криминалдык милиция кызматы тарабынан       4 кг жакын баңгизат алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу  Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жалал-Абад ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан белгисиз атуул баңгизатын көтөрүп жүргөндүгү тууралуу маалыматтар алынып, алынган маалымат Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне катталган жана анын негизинде ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган. 

Ыкчам маалыматтын негизинде, 2020-жылдын 4-ноябрь күнү саат 14-00 чамасында Жалал-Абад шаарынын Курманбек жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде, №10 Жазаларды аткаруу мекемесинин жанында Базар-Коргон районунун тургуну 1999-жылы туулган  М.Д. текшерүүгө алынган. Текшерүү учурунда ал көтөрүп жүргөн асынма сумкасынын ичинен 3 кг 860 гр «гашиш»  баңгизатына окшош, өзгөчө жыты бар маңзат алынып, М.Д. Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Аталган кылмыш иши боюнча топтолгон материалдар Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button