Саясат

Нурлан Мотуев президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз менен кайрылды

Нурлан Мотуев президенттик шайлоого  катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылды. Бул тууралуу  БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, буга чейин  Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Бектур Асанов, Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Абдыкаар Сыдыков, Сазыкбай Турдумалиев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арызын калтырган.

УКМК Мотуевге «терроризмге ачык чакыруу, терроризмди актоо» жана «улут, диний жана аймак аралык кастыкты козутуу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, 2016-жылдын 13-майында кармаган. Бишкектин Свердлов райондук соту ошол эле жылдын август айында аны жети жылга эркинен ажыратып, сентябрь айынын аягында жатак абагына которгон. Бирок Нурлан Мотуев кылмыш жоопкерчилигинен качкандыгы үчүн материалдар кайрадан тергөөгө өткөрүлүп берилген. Көп өтпөй Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Нурлан Мотуев 2018-жылы жатак абагына которулган.

Эске салсак, өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга белгиленген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button