Коом

Ош–Исфана жолунун курулушу аягына чыкпай, элди кыйнап жатат

Курулуш иштери 2017-жылы башталган Ош–Исфана жолу аягына чыкпай, элди түйшүккө салып жатат. Бул тууралуу Кадамжай районунун тургундары билдиришти.

Маалыматка караганда, жолдун курулуш иштери жүрүп жаткан бөлүгүнүн узундугу 33 км 890 метрди түзөт. Учурда 8 км жери калган. Курулуш иштери аяктабай жаткандыгы айдоочуларды чыгымга учаратып жатат. Бул жол Ош, Баткен облустарын байланыштырып турган жалгыз жол. 2017-жылы эскилиги жеткен асфальтты сүрдүрүп, жаңы асфальт төшөө иштери башталган. Мына ошол убакыттан бери Кадамжай, Көк-Талаа аймактарынын аралыгындагы курулуш аяктабай келе жатат. Жолдун курулушу 2019-жылы бүтүшү керек болчу. Жергиликтүүлөр тендерден уткан компаниялар улам алмашып жатканын айтышты.

Булак: Турмуш сайты

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button