Кылмыш-кырсык

Балыкчы шаарындагы «каржы пирамидасы» боюнча алдамчылык фактысынын 1337 сотко чейинки иши аяктап, соттун кароосуна жиберилди

Үстүбүздөгү жылдын 8-августунан баштап, 1-декабрына чейинки аралыкта Балыкчы ШИИБдин КЖБРне «каржы пирамидасынын» ишмердүүлүгү боюнча алдамчылык фактысынын 2159 учуру катталган. Сотко чейинки өӊдүрүш иштеринин алкагында, Ысык-Көл ОИИБдин, Балыкчы ШИИБдин тергөө жана жоруктарды териштирүү кызматарынын кызматкерлеринен турган атайын тобу тарабынан микрокаржылоо тармагы сыяктуу «каржы пирамидасын» уюштурган 10 тутуму аныкталып, тергөө амалдары учурунда бул кылмыштын түрүн уюштурушкан 19 шектүү адам кармалышкан. Алардын кылмыштуу ишмердүлүүгүнөн улам, келтирилген зыяндын жалпы баасы 162 миллион 534 миӊ 620 сомду түзгөн.
1-декабрьга карата алдамчылыктын 1337 фактысы боюнча сотко чеийнки өндүрүш иштери аяктап, соттун кароосуна жиберилди. Алдамчылыктын 30 фактысы боюнча өндүрүш иштери материалдык зыяндын орду толтурулгандыгына байланыштуу кыскарган. Катталган 1327 арыз бир өндүрүшкө бириктирилген.
Алып айтканда, Ысык-Көл ОИИБдин жана Балыкчы ШИИБдин тергөө кызматы пирамиданын алгачкы катышуучуларына кийинки катышуучулардын салымдарынан киреше төлөп берип, айырмасын өздөрүнө калтырып жүрүшкөн «Ак-Куу» каржы пирамидасына карата сотко чейинки өндүрүш ишин аякташты. Аталган, каржы пирамидасы боюнча курагы 28 жаштан 55 жашка чейинки Балыкчы шаарынын 5 тургуну өтүүдө. Алардын кылмыштуу ишмердүүлүгүнөн келтирилген зыян 30 миллион сомдун тегерегин түздү.
Кирешенин жогорку пайызы менен микрокаржылоо принцибинде иш алып барган «Ак-Тилек» каржы пирамидасынын башчысы К.И. карата да сотко чейинки өндүрүш иши аяктап, сотко жөнөтүлдү. Аталган каржы пирамидасы 84 аманатчыга жалпы суммасы 25 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Учурда, «каржы пирамидасы» боюнча калган алдамчылыктын 743 фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.
Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button