Коом

Улан Шамшиев: Жылына чет жактан кыргызстандык 300дөй эмгек мигранты каза болот

18-декабрь — эл аралык мигранттар күнү. Бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын бул күнгө арналган Бишкектеги жыйынында миграция боюнча эксперт Улан Шамшиев жылына чет жактан кыргызстандык 300дөй эмгек мигранты каза болуп жатканын айтты.

2020-жылы чет өлкөдөн «Жүк-200дү» алып келүү үчүн бюджеттен 13 миллион сом бөлүнгөн. 2018-жылы 191 арыз түшүп, сөөктү алып келүүгө 8,8 миллион сом берилсе, 2019-жылы арыздар 288 болгон. 2020-жылы Өкмөттүн миграция кызматына алыста жүрүп каза болгон 260 мигранттын жакындары сөөктү алып келүүгө жардам сурап кайрылган.

Миграция күнүнө карата өткөрүлгөн жыйында саламаттык сактоо боюнча эксперт Бактыгүл Бозгорпоева коронавирус пандемиясы учурунда ачка, жардамсыз калган атуулдардын басымдуу бөлүгүн ички, тышкы мигранттар түзгөнүн, мигранттар психологиялык жактан өзгөчө кыйналарын кошумчалады.

«Борбор Азия кыймылда» аттуу координациялык комитеттин төрайымы Нурия Темирова оор турмуштук кырдаалга кептелген эмгек мигранттары үчүн колдоо фондун ачууну сунуш кылды.

 

«Мигранттар кабылган негизги проблемаларды эсептесек, 64%и турак-жай акысынан, 46%и жумушсуз калуудан, 43%и тамак-ашка акчасы жок калуудан, 20%и күч органдарыны опузасынан кыйналары аныкталды. Атайын фонд түзүп, кыйынчылыкка учурагандарга жардам көрсөтүү учур талабы болууда», — деди Темирова.

 

Мигранттардын эл аралык күнүндө президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов элге кайрылуу жасап, анда COVID-19 пандемиясынын кесепеттерине токтолуп, «бөтөн жерде жүргөндөргө өзгөчө оор болду» деп белгиледи.

 

2019-жылдагы эсеп боюнча Кыргызстандан чет жакка чыккан мигранттардын саны 732 миң деп эсептелген. Алардын 640 миңинин Орусияда расмий каттоосу бар. Кыргызстандыктар Орусиядан тышкары эң көп Туркия менен Казакстанга иштегени барышат.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button