Коом
22-декабрда Бишкектин бир катар аймагында жарык өчөт
Эртең 22-декабрда, шаршемби күнү, Бишкектин бир катар аймактарында жарык өчөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасы кабарлады.
Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
- 10:00дөн 13:00гө чейин — Месарош, Ильменский, Серпуховский, Сельсоветский көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
- 9:30дан 17:00гө чейин — Арча-Бешик (Айылчиев, Кара-Коо, Он-Арча көчөлөрү) конушу, Кара-Балта, Харьковск, Фучик, Ленский көчөлөрүнүн бир бөлүгү.