Коом

Максат Кунакунов: «Өнүгүү жолуна түшүү үчүн – 1993-жылдагы Конституцияны калыбына келтирүү зарыл»

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, «Мыйзам 93» демилге тобунун төрагасы Максат Кунакунов, «Өнүгүү жолуна түшүү үчүн – 1993-жылдагы Конституцияны калыбына келтирүү зарыл» экендигин жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине билдирген. 

– Өлкөбүздө бүгүнкү күндө орун алып жаткан саясий абал кайдыгер эмес адамдарды ойлондурбай койбойт. Ушул жерден баарыбызга маалым болгондой, мыйзам талаасына толук келе албай жаткан өлкөдө Конституциялык реформаны ишке ашыруу мыйзамдуу болобу? – деген суроо жаралат. Кыргыз Республикасынын Баш Мыйзамынын 79-беренесинин негизинде Кыргызстанда мыйзамды демилгелөө укугу Элге, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана Өкмөткө берилген.

Мындайча айтканда, жогоруда айтылгандар кайсыл гана мыйзамды болбосун демилгелеп, Жогорку Кеңешке сунуш кыла алат. Бирок, 2020-жылдын 5-октябрында өлкөбүздөгү баш-аламандыктын натыйжасында бийликке келген “топ” Баш Мыйзамда каралган ушул беренени четке кагып, “өз билемдик” менен Конституциялык кеңешме түзүп, ага ишке ашпай турган милдеттерди жүктөп койду. Түзүлгөндөн эле “ээрге кыйшык олтурган” Конституциялык кеңешме өзүнө артылган милдетти “көтөрө” албай, туңгуюкка кептелип калды.

Мунун себеби эмнеде? Биринчиден, эң башкы көйгөй — бул органдын өзү конституцияга каршы келет. Башкача айтканда, Конституциялык кеңешме мыйзамды демилгелей албайт. Анда, туура эмес сунушталган Баш Мыйзам кандай жол менен референдумга коюлат? Бул кеңешменин алдындагы ишке ашыра албай турган дагы бир орчундуу маселе – бул Курултай көйгөйү. Курултай бийликтин кайсы бутагына тиешелүү, ага кандай ыйгарым укуктарды берүү сыяктуу толгон-токой маселелер жөнөкөй адамдарга эмес, кеңешменин мүчөлөрүнүнө да түшүнүксүз бойдон калууда. Анын үстүнө, кеңешменин иштөө ыкмасы түшүнүксүз, “Караңгы үйдө каман күркүрөйт” болуп жатат. Алар бүгүнкү кунгө чейин кандай варианттарды иштеп чыгышты, эмне үчүн ал коомчулукка азыркыга чейин жарыяланбай жашыруун бойдон калууда? Муну менен “Кимди-ким көрдү, быржыбайды там эмес, “таш”  басты”, – болуп калбайбызбы?

Анткен менен кеңешме сунуштап жаткан Курултай институту – бул эл ойлогондой орган эмес экендигин баса белгилейм. Конституцияны жазууга болгон өзүм билемдик мамилени токтотпосок, анда Кыргызстан мыйзам талаасынан тышкары кала берет. Азыркы, Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүтүп, Конституциялык кеңешме мыйзамсыз болуп турган учурда, бирден-бир мыйзамдуу талап менен гана  кырдаалды оңдоого болот. «Мыйзам-93» демилге тобу 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Конституцияны кайра калыбына келтирүү зарылдыгы жөнүндө айтып эле жатат. Бул эл аралык коомчулук  тааныган, Венеция Комиссиясы  колдоого алган, эл шайлаган “легендарлуу” парламент кабыл алган Баш Мыйзам. Анын мыйзамдуулугу талашсыз.

Эң негизгиси, бул Баш мыйзам бийлик бутактарынын тең салмактуулугун камсыз кылат. Эми Курултайга келсек. 93-Конституцияда парламенттин сандык курамы гана көрсөтүлгөн. Анын иштөө механизмдери өзүнчө конституциялык мыйзам менен жөнгө салынат. Башкача айтканда, ошонун негизинде биз толук кандуу эки палаталуу Жогорку Кеңешти – Мыйзам чыгаруу жыйынын жана Жогорку Курултайды түзө алабыз. Алардын ыйгарым укуктарын кийинчерээк аныктаса да болот. Ошол эле учурда, парламентти түзүү принциптерин  карап чыгуу үчүн Конституцияны  кайра-кайра жазуунун  зарылчылыгы жок.

Күчтүү аткаруу бийлиги, көз карандысыз парламент, адилеттүү сот. Саясий жактан туруктуу жана экономикалык жактан өнүккөн мамлекетти курууну баштоо үчүн Кыргызстанга ушунун өзү жетиштүү. Бирок башкаруу системасында кемчиликтер болсо, өлкө өнүгүү жолуна түшө албайт. Көптөгөн конституциялык реформалар (27 жылда 9 жолу болгон) бийликтин вертикалын бузуп, башкарылгыс болуп, коррупциянын таасири астында калган. Баш мыйзамга каршы келген иш-аракеттер менен маанилүү  өзгөрүүлөрдү баштай албайбыз.

Бүгүнкү күндө жаңы шайланган президентти анын айланасындагылар “Баягы баягы, бай кожонун таягындай” болуп, мыйзам бузууларга жана шектүү аракеттерге түртүп жатышат. Конституциялык кеңешмени түзүү жөнүндөгү  Жарлыктын өзү Конституцияга карама-каршы келет. Себеби, Президент институтунун мыйзам демилгелегенге укугу жок. Биз өлкөбүздөгү бардык өзгөрүүлөр революциялык эмес, эволюциялык жол менен жүзөгө ашырылышын көздөйбүз. Кыргызстандын эли бийликтин  ээси  катары, биринчи Конституцияны калыбына келтирүүгө толук  укуктуу.

Өнүгүү жолуна түшүү үчүн – Конституция 93тү калыбына келтирүү зарыл. Биздин позициябыз 1993-жылдын 5-майындагы Баш Мыйзамдын калыбына келтирилиши президенттин, өкмөттүн, парламенттин жана башка бийликтин легитимдүүлүгүнө шек келтирбейт. Бардык органдар  өз функцияларын эгемендүү Кыргызстандын биринчи Конституциясынын жоболорунун негизинде аткарышат, – дейт «Мыйзам 93» демилге тобунун төрагасы Максат Кунакунов.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button