Коом

Израилде COVID-19 вирусун жуктуруп алган балдардын саны кескин көбөйүүдө

Израиль карантиндик чектөөлөрдү күчөтүүдө. Бул жаңы коронавирустун мутациясынын жаш балдар арасында жайылышына байланыштуу. Учурда ооруканаларда атайын балдар бөлүмдөрүн ачуу каралууда.

Аталган өлкөдө статистикалык көрсөткүчтөр, жаңы инфекция менен жабыркагандардын жарымына жакыны балдар экенин көрсөтүүдө. Ооруканалар коронавирус жуктурган  ымыркайлар үчүн атайын бөлүмдөрдү уюштурууга аргасыз. Алар барган сайын көбөйүүдө, көпчүлүгүнүн абалы оор. Жергиликтүү оорукананын жандандыруу бөлүмүндө эки айлык ымыркай COVID-19 оорусунан улам чарчап калды.

Балдар бөлүмүнүн нөөмөттөгү дарыгери Асаф Мандел: “Коронавирустун жаңы мутациясы балдар үчүн кооптуу деген так маалыматтар азырынча жок. Бирок биздин статистика, алардын арасында бул илдетке чалдыккандардын саны көбөйгөнүн айтууда. Мунун себеби адаттагыдай эле оорунун көбөйүшүнөнбү же мутацияданбы, билбейбиз”,-деген пикирин билдирди.

Негизги көйгөй — ата-энелердин коопсуздугун кантип сактоо керек. Аларга бир нече саат бою балдарга барууга уруксат берилет, бирок түнөп калууга тыюу салынат. Ымыркайлардагы оору эпидемиянын башталышындагыдай эмес, оор. Өлкөдө катуу оорулуу бейтаптардын жалпы саны дээрлик алты эсеге өстү. Өлүмдүн деңгээли жогорулап — 5 миңге жакын адам каза болгон.

Чектөөлөрдү алып салуу азырынча карала элек. Өлкөнүн башкы дарбазасы болгон аэропорт 7сине чейин жабык бойдон калат. Жарандар арасында карантинди бузгандыгы үчүн айып пул эки эсеге көбөйтүлдү.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button