Коом
«Сосновка» постунда аба ырайына байланыштуу жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди
Бул тууралуу Чүй облустук ИИББ жол-транспорт кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлады.
Төө-Ашуу ашуусунда жана Суусамыр өрөөнүндө аба ырайынын бузулушуна байланыштуу Чүй облустук ИИББ жол-транспорт кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларды сактык чараларын сактоону өтүнөт.
Инспекторлор айдоочуларды ылдамдык режимин жана 500 метр аралыкты сактоого чакырат.
“Азыркы сааттарга “Сосновка” стационардык постунда жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу жана жол тыгынын болтурбоо максатында жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди”,-деп айтылат билдирүүдө.