Кылмыш-кырсык

Видео. Бишкектин четинде газ түтүкчөсү жарылып 13 жашар бала каза болду

Бишкектин четиндеги ГЭС-2 айылындагы үйлөрдүн биринде жарылуу  катталып,  бир адам каза болуп, дагы бирөө жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык,   ГЭС-2 айылынын Гагарин көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн жаратылыш газ түтүкчөсү жарылган.    Жарылуудан 13 жаштагы  бала  каза болгон.

Кырсык катталган жерге саат 15:00дө Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, саат 15:05те Ыкчам нөөмөт бөлүмүнөн 2 өрт-өчүрүүчү-куткаруучу жана Газ кызматынан бир бригада тартылган.

Куткаруучулар каза болгон баланын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жаранды өздүк унаасы менен ооруканага жеткиришкен, абалы канааттандырарлык.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button