Саясат

С. Жапаров Матраимов тууралуу комментарий берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-февралда, «Кабар» маалымат агенттигине маек берди.

Райым Матраимовду кечээ сот 260 миң сом айып пул менен эле бошотуп жиберди. Буга эл нааразычылыгын айтып жатышат. Райым Матраимовдун иши ушуну менен бүттү десек болобу?

Жапаров: Райым Матраимов тергөө менен кызматташуу деген берененин негизинде күнөөсүн моюнуна алып, 2 миллиарддан ашуун акча төгүп берген. Бул бир эле эпизод менен. Кечээ сот ошол эпизод менен 260 миң сом айып пул салып, чечим чыгарган экен. Соттун ишине кийлигишпейбиз.

Мага УКМКнын берген маалыматы боюнча кошуна өлкөлөргө, Дубайга кандай операцияларды жасаганы жөнүндө, банктык эсептери жана мүлктөрү боюнча суроо салып, кат жөнөтүшкөн экен. Алардын жообу келсе иш уланат. Бул бойдон калбайт. Ошондуктан эл сабырдуу болуп туруш керек. Ар бир иштин бүтчү күнү болот. Ар кайсы күчтөр же алардын артында акча каражат менен камсыздап, «Кыргызстанга бүлүк салгыла, жекшемби сайын митинг уюштургула» деп буйрук берип турган күчтөрдү да билебиз. Баары толук көзөмөлүбүздө. Ошолордун жетегине кирип кетпегиле. Баш аламандык болуп кетсе алар элдин тагдырына жооп бербейт.

Акин Токталиев «муфтиятка өз кишисин коюу үчүн муфтийди камады» деп да айтып чыкты. Буга кандай жооп бересиз?

Кудай өзү көрүп турат. Мен үчүн муфтийди мага десе башка планетадан алып келип коюп алышсын. Эң негизгиси, элибизди туура жолдон адаштырбаган, салттуу динибизди үйрөткөн муфтий болсо болду. Эмне муфтий кылып өз кишиңди коюп алсаң эле Кыргызстандын проблемасы чечилип калмак беле?

Мен да уктум. Айрым тырмакчадагы досторум айтып жатышат. Ажылык уюштурууда көп акча чогулат. Ошол акчага кызыгып, муфтий алмаштырганы жатышат деп.

Бирөөгө арам ойду таңуулагандан мурда Кудайды эске алып коюшса жакшы болот. Кудай уруп кетет. Ажылыктан акча жегендер таш эле жесин. Эптеп ажылыкка барып келейин деп көптөгөн жылдар бою чогулткан карапайым элдин акчасын жегенден уялыш керек. Ажылыктын акчасына кызыгып атат дегендер өздөрү 100 пайыз ошондой адамдар.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button