Кылмыш-кырсык

40 тонна күйүүчү май ташып бара жаткандар кармалды

4 жүк ташуучу унаа менен күйүүчү май ташып бараткандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-мартында УКМК мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы боюнча кылмыштардын жана жорукардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Лейлек районунан күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташып бараткан жеринен 4 жүк ташуучу унаа кармалган.

Такталган боюнча, кармалган автоунаалар күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташуу үчүн контейнерлердеги идиштер менен атайын жабдылган. Айдоочулардын жүк ташуучу унааларынын өздүгүн тактаган документтери болгон эмес.

Табылган контрабандалык күйүүчү-майлоочу майдын жалпы көлөмү 40 тоннадан ашык болгон.

Белгилей кетсек, коңшу республикалардын биринин жарандарына таандык кармалган автоунаалар контрабанда ишин жашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик номурларын мыйзамсыз колдонушкан.

Учурда, бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары нефтини жана мунай заттарын экспорттоого убактылуу тыюу салынды.

Буга байланыштуу, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети республика боюнча контрабандага каршы жигердүү күрөшмөкчү. Аныкталган фактылар жана мыйзам бузуулар боюнча УКМК Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button