АдабиятКоом

MegaCom «Китеп порталы»: Акцияга катышып «Раритеттен» бестселлер утуп ал

MegaCom уюлдук оператору жана «Раритет» дүкөнү китеп сүйүүчүлөрү үчүн «Айдын мыкты окурманы» биргелешкен акциясы уюштурулуп жатканын кубануу менен кабарлайт.

Акциянын негизги шарты — «Китеп порталы» сервисинин активдүү колдонуучусу болуп, өз аккаунту менен порталга көбүрөөк кирип туруу. Ар бир айдын жыйынтыгы менен эң активдүү деп эсептелген 3 колдонуучу «Раритет» китеп дүкөнү сунуштаган 3 китептин бирин тандап алат.

Март айынын алгачкы 3 жеңүүчүсү төмөнкү китептерден турган белекти тандап алса болот.

Биринчи орун үчүн:

  • «Шантарам» (Грегори Дэвид Робертс);
  • Мектеп окуучулары үчүн Дүйнө атласы;
  • «Жогорку эффективдүү адамдардын 7 көндүмү» (Стивен Р.Кови).

Экинчи орун үчүн:

  • Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын чакан жыйнагы;
  • «Коралина» (Нил Гейман);
  • «Кылычсыз Самурай» (Китами Масао).

Үчүнчү орун үчүн:

  • «Дориан Грейдин портрети» (Оскар Уайльд);
  • «Кичинекей ханзаада» (Антуан де Сент Экзюпери);
  • «Феррарисин» саткан кечил» (Робин Шарма).

«Китеп порталы» сервисинин колдонуучулары активдүү окурмандар арасынан өз рейтингин бир ай бою *9718# буйруусу аркылуу көзөмөлдөп тура алат. «Айдын мыкты окурманы» акциясы тууралуу толугураак маалыматты book.megacom.kg сайтынан окуңуздар.

Бош убактыңызды пайдалуу өткөрүңүз. MegaCom менен бирге китеп окуп, бирге жеңишке жетиңиздер!

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button