Саясат
Түркиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси дайындалды
Түркиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Ахмет Садык Доган дайындалды. Бул тууралуу Түркиядагы Кыргызстандын элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ, 12-апрелде Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун соңунда элчи Өмүралиев кесиптешин кызматка дайындалышы менен куттуктап, жаңы кызматында мындан аркы ийгиликтерди каалады.