Кылмыш-кырсык

Өзгөн районунда өз атасы 17 жаштагы кызын зордуктоого шектелүүдө

Ош облусунун Өзгөн районунда өз атасы 17 жаштагы кызын зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 17 жаштагы кыздын апасы милицияга арыз менен кайрылган. Анда,  «апасы кызын өз атасы зордуктаган деп билдирген. Алгачкы медициналык экспертизанын жыйынтыгында, кыз зордукталбаганы аныкталган. Бирок жабырлануучу тарап буга макул болбогондуктан, кайра экспертиза дайындалды. Ошондой эле арыз жазган эне менен кызына карата психикалык экспертиза дайындалды. Шектүү катары атасы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бүгүн, 23-апрелде анын баш коргоо чарасы каралат», — деп билдирет басма сөз кызматынан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button