Саясат

Касым-Жомарт Токаев Москвадагы парадга катышпайт

 Россиянын Москва шаарында 9-майда Улуу Жеңиш күнүнө карата өтө турган салтанаттуу парадга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев  катышпайт. Бул маалыматты президенттин катчысы Берик Уали жарыялады.

Анын маалыматына ылайык,  «Мамлекет башчысынын басма сөз кызматына Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн Касым-Жомарт Токаевдин Москвадагы Жеңиш парадына катышуусу боюнча түшүндүрмө берүү өтүнүчү келип түшкөн. Россия тараптан тийиштүү чакыруу болгон жок, ошондуктан Москвага иш сапары президенттик графикте пландаштырылган эмес ”, — деп жазган ал Фейсбуктагы баракчасына.

Буга чейин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Москвадагы парадга катыша турганы белгилүү болгон. Анын алдында президент Владимир Путин  менен да жолугушат.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button