Коом

Токтогул суу сактагычында суу сутка ичинде 13 миллион метр кубга көбөйдү

Бүгүн, 21-майга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 837 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.

«Бүгүн, 21-майга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 837 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 457 метр куб, агып чыгышы 313 метр кубду түзүүдө», — деп билдиришти басма сөз кызматынан. Кечээ, 20-майда суу сактагычта 9 миллиард 824 миллион метр куб суу бар болчу.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button