КоомМаданият

Кыргызстандын легендарлуу инсандары Ысык-Көлдүн жээгинде үч күн эс алышат

Өлкөбүздүн өнөрлүү чыгаан, залкар инсандары үчүн Ысык-Көлдүн жээгинде үчкүн эс алууну коомдук ишмер, теле алып баруучу Ассоль Молдокматова уюштурду.

Ассоль Молдокматова:  “Арабызда өз эмгеги менен көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон залкарлар бар. Замандаштарга КЫРГЫЗСТАНДЫН КААРМАНДАРЫНЫН кошкон зор салымын эскертүүгө мезгил келди.

Замандаштар чындыгында эле мыкты адамдарды билишсин, угушсун жана сыйлашсын. Кантип укмуштуудай бактылуу экендиктерин көрүңүз, баарлашыңыз.

Булар биздин чыныгы интеллигенциябыз!!!” — деп социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Чынында Ассоль айымдын кебинде жан бар. Бул мезгилге чейин көптөгөн коомго белгилүү инсандырыбызга жетишээрлик көңүл бурулбай, калың журттун катарында элге сиңирген эмгеги бааланбай калгандары болду.

Заманбыздын легендарлуу каармандарын бүгүн сыйлап, барктап, колдоого алуу, алар үчүн зор  эргүү, чыгармачылыгына шык  жаратаары  талашсыз.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button