«Kadam-media.kg» маалымат порталы окурмандардан келген  каттарды жарыялоону улантабыз. Бул ирет, жыргал жашоону самап,  тузагына түркүн селкилерди илип, ара жолго калтырып кеткен мырзалар тууралуу жазылган кат келди. Төмөндө текстти өзгөртүүсүз беребиз.

«Түнкү саат үч. Жымжырттык. Жанымда көшүлүп уктап, быйтыйган колдорун эки жакка кере таштап кызым уктап жатат. Дал ушул кичинекей  согуп жаткан жүрөк үчүн, ушунун кең келечеги үчүн жан үрөп жашоо менен алышып келем. Кичинекей соккон жүрөктү берип, күнүмдү көрккө бөлөгөн, жалгыздыктан арылткан жаратканга ыраазы болом.

Бул жүрөк ааламга жаралганга чейин, канчалаган жылуу сөздөрдүн, алдамчы көздөрдүн курмандыгы болуп каларымды эч ойлобогон элем. Тескерисинче, тээ алысты, келечекти ойлоп, түбөлүктүүлүктү эңсеп жашачумун.

Аруу, таза, тунук сезимдин жалынына суу бүркүп, башканы жандап кетээриңе түк ишенгим келген эмес. Бирок, мени экинчи аял кылып аларыңда, менден кийин да башкага кетет деп ойлосом болмок. Жок, биринчи жашоосу болбой калса, балким мени менен түбөлүктү түптөйбү деп ойлогон элем. Жаңылган экем.

Ыңаалап кызым жарык дүйнөгө келген күнү сен башканын кучагында ойгондуң. Мен өмүр менен алышып, сенин тукумуңду жарыкка алып келип жатканда сен күнүмдүк жыргалыңдын курмандыгы болуп жатыпсың.

Талашпадым, терикпедим. Кичинекей соккон жүрөктү боорума бекем кысып, сени жаңы жарыңа таштап кете бердим.

Кызыгы, жашоо бумеранг деген мыйзамды эч ким өзгөртө албайт экен. Жан дүйнөң түнөк тапкан чүрөгүң боюна бүтүп, бала күтүп жатканда мага келдиң. Ошондо сенин чыныгы жүзүңду көрө алдым. Көрсө сага баарынан да жан кумарың кымбат экен. Азыр аны менен кумарга батуу кыйын болуп, күндө мени ойлоп, кыйналып, түшүңө кирип жатканымды айтып босогомду аттадың. Жомогуңа ишенгим келбей кууп чыктым. Ошондо да сенде ар намыс деген өлүп калган экен. Кызыма келдим деген шылтоо менен этегиме асылганыңды койбодуң. Мен да теңирден тескери кетип, каршы чыгып, жаныма жолотподум.

Анда да жөн калбай, мага ким чалып жатканын, ким менен жолугуп бирге түн өткөрүп жүргөнүмдү сурадың. Бирок, мен сен эмесмин! Ар кимге этек ачып, абийиримди тепсетким келбейт.

Мен ошондо сенден өзүңдү сүйүү керектигин, тамактын даамдуусун, кийимдин тазасын кийип, жумшак жылуу жерде жан багуу керек экенин көрө алдым. Сен үчүн, тогуз ай толготуп, жан берип жатып, дагы бир жанды ааламга жаратуу, аны бөпөлөп өстүрүү, жоопкерчилик, курсагын тойгозуу, мээрим берүү дегендер кызыктырбай турганын билдим.

Ушул сендейлердин тузагына түшүп, арам ойлорунун курмандыгы болгон, ишенчээк кыздарды колдонуп кеткендер көбөйүп жатканы өкүндүрөт…

Кызыгы мындан 30-40 жылдан кийинки абалың кызыктырат. Ойлосоң керек ар кимде калган балдарым кайра келет мени багат деп. Жо-жоок, жаңыласың. Анткени сендей атаны сыймыктануу менен айтуу кыйын. Эң  эле оңой жолу, кырсыктап каза болуп, сени жалгыз өстүрдүм деген кыйла жеңил чыгар. Жок дегенде наристе, «атамды машина сүзгөн» деген ой менен чоңойгону артык. «Экөөбүздү калтырып, башканы жандаган» деген балага кандай оор тиерин сен элестетмек түгүл ойлой да албайсың…