Экономика

Улуттук банк 2020-жылы бюджетке 7,6 миллиард сом которгон

2020-жылдын аягында Улуттук банктын 7,6 миллиард сом пайдасынын 90 пайызы мамлекеттик бюджетке которулган. Мындай маалымат  Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан келтирилген.

Белгиленгендей, өткөн жылы Улуттук банктын кирешеси 8,5 миллиард сомду түзгөн. Бул 2019-жылдагы кирешеден 3,3 эсе жогору, 2,5 миллиард сомго барабар. Ошол эле учурда 2020-жылы экономиканы насыялоону колдоого 12,3 миллиард сом бөлүнгөн.

«Былтыркы экономикалык кризистин шартында, Улуттук банктын ишмердүүлүгү макроэкономикалык туруктуулукту сактоого жана өлкөнүн каржы жана төлөм тутумдарынын туруктуулугун сактоого багытталган», — деп белгиледи каржы көзөмөлдөөчү органы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button