Коом

Министрлик: Абал жакшырса окуу салтуу түрдө уланат

Бүгүн, 5-август күнү Билим берүү жана илим министрлигинде өлкөнүн билим жана илим тармагынын актуалдуу маселелерине арналган маалымат жыйыны өттү.

Эпидемиологиялык абал жакшырса, окуучулар толук салттуу түрдө мектептерде окуй баштайт. Мындай пикирин Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешов.

Анын айтымында, азыркы учурда эпидемиологиялык абал Кыргызстанда жакшырууда.

“Эгер эпидемиологиялык абал азыркыдай темп менен жакшыра берсе, айрым салттар менен окуучулар салттуу түрдө мектептерде окуй баштайт”,-деди министр.

Ал эми, билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова жаңы окуу жылы онлайн же офлайн түрүндө болорун 1-сентябрга эки же үч апта калганда жарыяланарын айтты.

Айтымында, жаңы окуу жылында окуучулар мектеп формасын сатып алууга милдеттүү эмес. Коронавируска байланыштуу экономикалык кырдаалды эске алып, эркин формага уруксат берилет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button