Саясат

Министр Казакбаев менен Орусиянын элчиси Удовиченко балдар борборундагы окуяны талкуулашты

Бүгүн, 10-августта тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Билдирүүгө ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек шаарындагы “Технопарк” оюн-зоок борборунда орун алган Кыргыз Республикасынын жараны менен аталган мекеменин кызматкери, орус улутундагы Кыргыз Республикасынын жаранынын ортосунда болгон окуяны талкуулашты.

Кыргызстандын тышкы саясат ведомствосунун башчысы Тышкы иштер министрлиги бул сыяктуу бардык окуяларга кылдат байкоо салып, ыкчам чара көрө тургандыгын маалымдады.

Ички иштер министрлигинин ыкчам маалыматы боюнча, 2-августта Октябрь районунун ички иштер бөлүмүнө Кыргыз Республикасынын жараны аны “Технопарк” борборунун имаратында оозеки жаңжал учурунда мас абалдагы белгисиз адам уят сөздөрдү колдонуп, калькулятор менен башына ургандыгы үчүн чара көрүү өтүнүчү менен кат түрүндө кайрылган. Бул факт Бишкек шаарынын Октябрь районунун ички иштер башкармалыгынын «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалымат тутумуна Жазык-процессуалдык кодексинин 119-беренеси «Майда бейбаштык” боюнча менен катталган. Көрсөтмөлөрдөгү карама-каршылыктарды жоюу үчүн жана ден соолугуна келтирилген оордукту аныктоо үчүн арыз ээсине соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда бардык тийиштүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Улуттук коопсуздук мамлекттик комитети бейбаштык кылган жаранга расмий эскертүү берип, «терисинин түсүнө, расасына, этникалык жана расалык, улуттук жана диний жек көрүүчүлүккө же кастыкка карата дискредитациялоо 10 жылга чейин эркинен ажыратууга алып келген кылмыш болуп саналгандыгын» эскертти.

Министр Р.Казакбаев Кыргыз Республикасы көп улуттуу мамлекет экенин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык эч кимди жынысына, расасына, тилине, улутуна, динине, жашына, саясий же башка ишенимдерине карап басмырлоого болбойт деп баса белгиледи.

«Бул багытта ички улутчулдуктун айрым учурлары орус бийлиги тарабынан Кыргызстандагы этникалык орустардын укуктарын жана кызыкчылыктарын системалуу түрдө бузуу жана жарандарды этникалык жана диний негизде кысымга алуу катары көрсөтүлбөшү керектиги белгиленди.

Бул жагынан алганда, Р.Казакбаев Россиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүнөн айрым орус саясатчыларынын көңүлүн мындай көйгөйлөр боюнча кескин билдирүүлөрдүн жана аларды эки өлкөнү байланыштырган тарыхый достук мамилелерге шынаа кагууга аракет кылган айрым провокациялык элементтердин көңүлүн алууга тырышып, коомдук мейкиндикке алып чыгууга чакыруу кабыл алынгыс экендигине бурууну суранды.

КРнын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Кыргызстанда русофобия жана агрессивдүү улутчулдуктун башка түрлөрү, тарыхты кайра жазуу, эстеликтер жана орус тили менен күрөшүү фактылары жок экенин баса белгиледи. Ал постсоветтик мейкиндикте Беларусь Республикасы менен катары Кыргызстанда гана орус тили расмий тил экенин баса белгиледи. Кыргызстанда орус тили медиа тармагында, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданий жаатында жана жашоонун бардык чөйрөлөрүндө көрсөтүлгөн. Ал биздин өлкөдө туруктуу жашаган орус тилдүү калктын руханий жана социалдык муктаждыктарын толук канааттандыруусу үчүн орус тилинин макамын коргоо курсу улантыларына ишендирди.

Тараптар көйгөйдүн андан ары курчушуна жол бербөө үчүн конструктивдүү түрдө биргелешкен иш-аракеттерди көрүүнүн жана союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктүн рухунда артыкчылыктуу мүнөзгө ээ болгон кыргыз-россия мамилелериндеги терс кесепеттерди болтурбоонун зарылдыгын белгилешти», — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button