Саясат
Эртең депутат Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасы каралат
Эртең, 20-август күнү Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.
Маалыматка караганда, соттук отурум саат 10:00гө белгиленген.
Эске салсак, Төрөбай Зулпукаров «Кумтөр» кенин иштетүүгө байланыштуу коррупциялык иштерди тергөөнүн алкагында 31-майда УКМКга суракка чакырылып, андан соң кармалган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында камакта.