Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Кыргызстандын экономикасына кайсы жактан каражат келип түшөрү тууралуу   маалымдады.

Ал Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду алты жылдык ишинин алкагында 300 миллион доллар гана өздөштүргөнүн айтып, мындайга жол бербеш керек деп эсептей турганын белгиледи. Жапаров фондуда калган 500 миллион долларды быйыл жана кийинки жылы өздөштүрүп бүтүүнү сунуштады. Аны менен катар Россия мурда убадалаган 500 миллион долларды дагы бөлөт деп үмүт артты.

Ошондой эле ал жакында президент уставдык капиталы 200 миллион долларды түзгөн Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун түзүү боюнча макулдашууга кол койгонун айтты. Эгер ал каражат тез арада өздөштүрүлсө, Өзбекстан дагы 100 миллион доллар бөлөт.

Аны менен катар уставдык капиталы 50 миллион доллар болгон Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду да негизделгенин эске салды. Кийинчерээк мунун да капиталы көбөйтүлөт.

Жапаровдун айтымында, мындан сырткары, Түркмөнстан менен да жыл соңуна 100 миллион долларлык өнүктүрүү фондун ачуу боюнча сүйлөшүүлөр соңуна чыкты.

Дал ушундай эле багытта Индия жана Кытай менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.