Август айында Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 2 — 2,8 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

АИ -80 бензини 4 пайызга, АИ -92 5 пайызга, дизель майы 4,4 пайызга кымбаттады. Мында жыл башынан бери күйүүчү -майлоочу майдын баасынын өсүшү бензинге 60 пайызды, дизелдик отунга 40 пайызга чейин жетти.

«Кыргызстанда күйүүчү -майлоочу майдын чекене баасынын өсүшү 2021 -жылдын башынан бери Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунун дүң сатуу баасынын жогорулашы менен байланыштуу. Июль айындагы келишимдер боюнча, июнь айына салыштырмалуу россиялык мунайды кайра иштетүүчү заводдордун дүң сатуу баасы тоннасына 65 долларга чейин жогорулады »,-деп билдиришти аталган мекемеден.