Спортчу Айсулуу Тыныбекова Париж Олимпиадасына катышаарын жарыялады. Бул тууралуу ал бүгүн, 23 -августта президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен Токио Олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн жана катышуучуларын сыйлоо аземинде айтты.

«2024-жылы Парижде боло турган Олимпиада оюндарына катышам. Ошондой эле бардыгыңыздарга ишеничиңиздерге жана колдооңуздарга терең ыраазычылыгымды билдирем. Олимпиада оюндарында алтын байге утуу үчүн болгон аракетимди жумшайм», — деди Тыныбекова