Келерки Олимпиада оюндарында бир нече алтын байге алууга аракет кылабыз. Бул тууралуу Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча кураманын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков билдирди.

Бүгүн, 23-августта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Олимпиада оюндарында байге алган спортчуларга жана алардын машыктыруучуларына мамлекеттик жана акчалай сыйлыктарды тапшыруу аземи өтүп жатат.

Изабеков спортчуларды тарбиялоодогу эмгеги үчүн II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланып, ага 8 млн 150 миң сом акчалай сыйлык берилди.

«Биз машыктыруучулар, спортчулар мамлекетибиздин өнүгүшүнө, эл аралык деңгээлде аброюн көтөрүүгө талыкпай эмгектенебиз. Келе жаткан Олимпиада оюндарында бир нече алтын байге алууга талыкпай эмгек кылабыз», — деди ал.