Спорт

Тыныбекова: «Президентибиз бул белекти жеке өзүнүн атынан ыйгарды»

«Токио 2020» Олимпиада оюндарынын күмүш меадалынын ээси, балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Инстаграм социалдык тармагындагы баракчасына билдирүү жазды. Анда спортчу президентке белеги үчүн ыраазычылык билдирди.

«Урматтуу достор!

Бүгүн эмгегибиз дагы бир ирээт бааланып, машыктыруучуларыбыз жана ата-энелерибиз менен сүйүнүп отурабыз!

Мага II даражадагы «Манас» ордени ыйгарылды. Бул мен үчүн өтө чоң жоопкерчилик!

Мындан сырткары, 10 млн сомдук сертификатка ээ болдук.

«Toyota RAV4» үлгүсүндөгү авто унаанын ачкычы да тапшырылды. Президентибиз бул белекти жеке өзүнүн атынан ыйгарды. Мен үчүн бул күтүүсүз болду! Терең ыраазычылык айтам, Садыр Нургожоевич!»,-деп жазды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button