Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана кыргыз-казак достугуна арналган «Сармерден» долбоору 24-25-август күндөрү Бишкек шаарында өтөт. Иш-чара өкмөттөр аралык деңгээлде уюштурулуп, ага эки мамлекеттин тең маданият министрлеринин катышуусу күтүлүп жатат.

Бүгүн жана эртең Бишкек шаарында Кыргызстан менен Казакстандын өнөрпоздору «Сармерден» долбооруна катышат. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине долбоордун продюсери Сагын Ниязалиева тастыктады.

Анын айтымында, иш-чара Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана кыргыз-казак достугуна арналууда.

«Бүгүн кечки саат 18.00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында кыргыздын таланттуу кыздары менен казактын таланттуу жигиттери сахнага чыгышат. Эртең биздин жигиттер казактын кыздары менен таймашат», — деди Ниязалиева.

Маалыматка караганда, иш-чара өкмөттөр аралык деңгээлде уюштурулуп, ага эки мамлекеттин тең маданият министрлеринин катышуусу күтүлүп жатат.

«Кыргыз тараптан кыз-келиндерден Анара Шаимкулова, Алтынай Нарбаева, Кундуз Таштаналиева, Ширин Сарыгулова, Кенже Көбөкова сыяктуу өнөрпоздор катышат. Ал эми жигиттер тобун Токтобек Асаналиев, Аскат Мусабеков, Бакыт Шатеновдой мыктыларыбыз баштайт», — деди продюсер.

Иш-чарага маданий, саясий ишмерлерден турган 800дөй конок чакырылган.