Султанбаев: «Үмүтбектин үй -бүлөсүнө жакын арада борбордон үй берилет»
Былтыр октябрь окуясында каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун үй-бүлөсүнө жакында Бишкекте батир берилет. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбукатагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, Үмүтбек Алтынбек уулунун үй-бүлөсүнө батир берүү тууралуу тапшырманы Садыр Жапаров былтыр күзүндө эле берип, бирок мэриядагы адамдар ал маселени убагында чечкен эмес.
«Октябрь окуяларында каза болгон Алтынбек уулу Үмүтбектин үй -бүлөсүнө жакында Бишкектен батир бөлүнөт.
Тиешелүү көрсөтмөнү Садыр Жапаров 2020-жылдын октябрь-ноябрь айларында берген.
Бирок борбор калаанын мэриясынын кээ бир жооптуу кызматкерлеринин жоопкерчиликсиз мамилесинен улам бул маселе өз убагында чечилген жок.
Бул маселе Мамлекет башчысынын жеке көзөмөлүндө, каза болгон Үмүтбектин үй -бүлөсү жакын арада борбордон турак жай менен камсыздалат», — деп жазат пресс-катчы.
Эскерте кетсек, былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого нааразы болгондор 5-октябрда митинг уюштурган. Милиция митингге чыккандарды күч менен таратууга аракет кылган. Митингге чыккандарды таратуу учурунда 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу каза болгон.