Коом

Мексикада жер титирөөдөн кийин 1,6 миллион адам электр энергиясыз калды

Мексикада болгон 7,1 баллдык жер титирөөдөн кийин болжол менен 1,6 миллион адам электр энергиясыз калды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Билдирүүгө ылайык, энергия жок калгандар,  Мехико, Мехико штаттары, Герреро, Морелос жана Оаксака шаарларынын калкы. Белгиленгендей, электр энергиясын керектөөчүлөрдүн жалпы санынын 13 пайызга жакыны жарыксыз калды. Азыр эксперттер электр энергиясын калыбына келтирүү аракетин көрүп жатышкандыгы айтылды.

7,1 баллга жеткен жер титирөө 7 -сентябрдын кечинде Мексиканын түштүк -батышында Герреро штатында болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, бир адам каза болгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button