Түркия Нарынга энергетикалык объекттилердин курулушун колдоого даяр. Бул тууралуу Түркиянын вице-президенти Фуат Октай Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-жыйнында билдирди.

Мындан тышкары, вице-президент чакан жана орто бизнести, акылдуу шаар, логистикалык долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирди.

«Түркия өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана туризм жаатында колдоо көрсөтүүгө даяр», — деди ал.

Түркия делегациясынын башчысы эки өлкөнүн кызматташтыгынын алгылыктуу багыттары саламаттык сактоо, билим берүү, соада, тоо-кен казуу тармагы болуп эсептелерин айтты.