Экономика

Алты ай ичинде Түркия Кыргызстанга 62 миллион доллар инвестиция салды

Акыркы алты айда Түркиядан келген инвестициянын көлөмү 62 миллион долларды түздү. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге инвестициялар министринин орун басары Нурадил Баясов билдирди.

Анын айтымында, Түркия инвестициялар боюнча экинчи орунду ээледи. Бүгүнкү күндө биринчи орун Кытайга таандык. Ошол эле учурда ал бул жылы инвестициялардын агымы эки эсе көбөйгөнүн белгиледи.

«2020 -жылы бизде инвестициянын кескин төмөндөшү байкалды. Биз азыр калыбына келе жатабыз. Инвестициялык агымдардын өсүшү буга чейин оң динамиканы көрсөтүүдө. Бул цифралар инвесторлордун Кыргызстанга инвестиция тартууга оң көз карашта экенин көрсөтүп турат жана жүргүзүлүп жаткан реформалар оң таасирин бере баштады », — деп комментарий берди Нурадил Баясов.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button