Адам баласы эртеңки күн эмне болорун капарга албай, түбөлүк жашачудай күн кечиребиз. Качан гана башыбызга оор күн түшүп, жашап өткөн күндөрүңө көз чаптырып, оо дүйнө көзгө көрүнүп, ар бир мүнөттүн баркын билгенде гана бир аз акыл киргенсийт. Болбой эле, баары болсо, меники болсо, бир төрт болсо, бешөө он болсо деп калат турбайбызбы.

Ооруп калып, 15 күн ооруканада дарыландым. Жанымда орто жаштагы салабаттуу байке жатат. Экөөбүз таанышып, бош жатпай ар кайсыны айтып убакыт өткөрөбүз. Байке мурда чоң жактарда иштегени көрүнүп турат. Достору, туугандары укмуш пакет жасап келишет. Бирок эмнегедир жубайын көрө албадым. Анан акырын сурадым:

— Сизге ушунча көп адам келет, негедир жубайыңызды көрбөй жатам,- дедим.

Байке, бир чекитти көпкө карап туруп жооп берди:

—Эээ иним, Өзүбек байыса там салат, Кыргыз байыса катын алат деген чын экен. Эркекти бар көптүрөт экен да… 5 баламды каратып туруп кантип кеттим деп эми эсим кирип ойлонуп жатам. Жубайым бар жаркылдаган.  Өзүм юристмин, тапканым жакшы, бат бутка турдум. Биз жаш үйлөндүк, ал 17 де мен 20 да болчум. Төртүнчү  балам туулганда кутуруп баштадым. Үйүм үч кабат, меникиндей машина шаарда беш алты эле адамда бар. Байлыкка чиренип өзүмдөн 20 жаш кичүү кыз менен жашап алдым. Балдарга барып турам. Ал кызга үй алып бердим, машина сатып бердим, көзүн карап турам.

Аялым байкуш күйбөгөн жери күл болуп, балдар үчүн гана тирүү калды. Төрт баланы кароо деле оңой эмес да, мектепке жиберип, бакчага жеткирип үй иштерин жасап баарына житишет.  Кичүү балам азыр 10 го чыкты, бая күнү көчөдөн кокусунан көрүп калдым, аялым жапжаш, супсулуу болуп кетиптир, арыктап өзүнө аябай караганы билинип турат.  Кудум мага биринчи жолуккан кездегидей. Жанымда жаш токолум бар эле, аны карасам колунда тамеки, ичкени вино кебетеси күндөн күнгө көп ичкенге  бузулуп баратат.  Кечинде достору менен “азыр келем” деп клубга көп кете баштады. Бир күнү жалгыз калдым , жаш аялым жок, түнкү саат 2. Менде уйку жок. Бир кезде мас келди. Жаш жигит жеткирип койду. Аялым сыяктуу элестеп “кайда жүрөсүң” деп катуу айтсам, «акырын папик, мен сага аялың эмесмин сенин кыйкырыгыңды угуп, сабаганыңа чыдагандай, кааласаң кете бер сени кармап турган мен эмес» деди. Ошондо бирөө балта менен башка чапкандай болду. Өзүм юрист болсом да марттык кылып үй жайды токолума кататткан элем, баары калды. Биринчи аялым да үй-мүлктү өзүнө өткөрүп алган. Андан кетип жатканда өзүм өткөрүп бергем. Токол алам деп талаада калдым. Азыр кичине сыркоолоп жатам, бул жактан чыкканда үй-бүлөмө барам го деп байке улутунуп алды.

Мен да көпкө ойлондум, эркектер негизи мышыктай эле болобуз, жылуу жер көрсөк кире калган. Аялымды аяп кеттим, күндө мага тамак алып келип, абалымды сурап турат. Кээде мен деле эркектик кылып какыс-кукус , чарт-чурт боло калмай жайым бар. Оорукандан чыксам, жакшы көйнөк сатып берип, көңүлүн алып, жылуу сөзүмдү арнап, башкача болуп өзгөрөм. Байкенин кебинде жан бар, кээде колго акча тийип калганда, достор менен саунага барып, көңүл ачып калабыз. Азыр мен ооруп жатканда бир гана ошол жубайым, өмүрлүк жарым баарына чыдап карап жатат. Жанагы саунадагы суйкайгандар сурап койгонго жараган жок. Түбөлүк жарымдын баркын ооруп билдим. Эми өзгөрөм….

 

Жазгүл Баяналиева

Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.