Кечээ, 30-сентябрда Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Данияр Иманалиев Дүйнөлүк банктын Вашингтондогу кеңсесинин өкүлдөрү менен онлайн маек курду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Анда Баткен облусун аймактык экономикалык өнүктүрүү долбоору талкууланды.

Аталган долбоордун максаты бир катар секторлорго максаттуу интервенция жасоо жолу менен Баткен облусунун аймактык экономикалык өнүгүүсүнө түрткү берүү болуп саналат.

Долбоор 6 жылдык мөөнөттө, Дүйнөлүк банктын колдоосу менен 50-60 млн долларга жүзөгө ашырылат. Долбоор төмөндөгүдөй 6 компонентти өзүнө камтыйт:

  • Аймакты туруктуу өнүктүрүүнү пландаштыруу;
  • Муниципалдык инфраструктураны жана базалык мамлекеттик кызматты колдоо;
  • Айыл чарба азык-түлүк кластерин күчөтүү;
  • Чакан жана орто бизнести колдоо үчүн чакан гранттар программасы;
  • Мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга каршы туруу;
  • Долбоорду жүзөгө ашырууну колдоо, көзөмөлдөө жана баа берүү.