Коом

Түркияда Жусуп Абдрахмановдун эстелиги ачылды

Түрк тарыхый паркына Ататүрктүн, Расулзаденин, Назарбаевдин, Каримовдун, Бердимухамедовдун да эстеликтери коюлган.

Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитетиндеги Түрк тарыхый паркында Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун эстелиги ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады.

Айкелдин ачылышына карата уюштурулган салтанатка КРдин Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Этимесгут муниципалитетинин мэри Энвер Демирел катышкан. Маалыматта алардын эстеликке гүл коюп, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүсүнүн жаркын элесине таазим кылганы айтылган.

Аталган паркта Жусуп Абдрахмановдун эстелиги менен катар түрк тилдүү мамлекеттердин негиздөөчүлөрү – Кемал Ататүрктүн, Мамед Эмин Расулзаденин, Нурсултан Назарбаевдин, Ислам Каримовдун, Гурбанголы Бердимухамедовдун айкелдери бар экени айтылды.

Түрк тарых паркы 2021-жылдын 29-августунда ачылып, анда түрк тилдүү мамлекеттердин негиздөөчүлөрүнүн, ошондой эле түрк дүйнөсүнүн атактуу өкүлдөрү — Айтматовдун, Махтумкулинин, Кунанбаевдин жана түрк кагандарынын эстеликтери тургузулган. Жалпысынан паркта 206 айкел бар.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button