Спорт

Бишкекте эл аралык дзюдо академиясы ачылды

Бишкек шаарында эл аралык дзюдо академиясы ачылды. Академия Кыргыз өлкөсүнүн дзюдо федерациясы тарабынан курулганын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлады.

Иш-чарага Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Шабданбаев, Япониянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Маэда Сигэки, президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Руслан Кыдырмышев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев, «Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков, дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Колбаев жана машыктыруучулар, спортчулар жана башка өкүлдөр катышты.

Ачылыш аземдин жүрүшүндө ардактуу коноктор кызыл лента кесип, эл аралык дзюдо академиясынын ачылышы менен куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. «Дзюдо академиясынын ачылышы менен, аталган спорттун түрү өлкө ичинде кеңири жайылып, болочок Олимпиада чемпиондору тарбияланып чыгарына ишенебиз», — деди Канат Шабданбаев.

Япониянын элчиси Маэда Сигэки өз сөзүндө машыгуу борборунун Кыргызстанда ачылышы дзюдо боюнча жогорку стандарттарга жетүү үчүн жасалган чоң кадам белгиледи:

«Жаш муун спорт менен, тактап айтканда дзюдо менен машыгышы керек, анткени дзюдо үйрөткөн баалуулуктар жашоо үчүн маанилүү жана биздин Улуттук дзюдо федерациясы бул спортту өлкөбүздө жайылтуу үчүн чоң эмгек кылып жатканына сыймыктанабыз». Академиянын аянты 3700 чарчы метрге барабар, анда улуттук курама команда жана дзюдо менен машыгууну каалагандар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button