Көптөн күтүп, көпкө жүрүп, көксөгөн кишиңе жеткен кандай бакыт. Бирок, ошол бакытты бар жогун жоготпой, болгон күчүңдү салып, коргоп калууга  чоң эрк, чыдамкайлык сабыр керек экен.

Мындан 3 жыл мурун башыма жоолук салынып, келин болдум. Чынында өмүрү көрбөгөн эшикке барып,барган күндөн эртеси эле тамагын жасап, үйүн жыйнап, оокатын кылуу оңой эмес. Кайсыл идиш кай жакта турат, калак менен шыпыргы кайда, кайсы төшөк кайсы бөлмөгө жыйыналат  баарын билишиң керек. Дал ошол күндөрү. Сенин жаныңда жакшы сөзүн айтып, туура эмес кылсаң да алкап турган адамдын болгону жакшы экен. Тилекке каршы мени анын каршы каарманы кабал алды.

Алгачкы күндөрү эле эч кандай мээримди жылуулукту сезе албадым. Кайын атамдын эжелери кеткенге чейин эле калп күлүп, жасалма мамиле кылып жатты. Жактырбай мурдун гана чүйүрүп турат. Анын себеби мен тарап жакшы коноктой албай коюптур кийин билсем.  А мен анын баласы менин койнумда, бакты өстүрдү деп болгон күчүм менен жагынуунун айласын издеп жаттым.

Башында бүксүп күйбөгөн от, кийин деле күйбөйт экен. Ошентип жыл өттү. Баягы салкын мамиле ошол бойдон эле сакталып калды. «Төркүнүң коноктогонду билбейт» деген сөз эми «төрөй албайт» дегенге алмашты.

Кыскасы, апам менен кайын энем келише албай жолдошум экөөбүз эки башка жашап баштадык. Мен өз үйүмдө, ал өз үйүндө. Бирок, ортодогу сезим  ошол бойдон сакталып калды. Ата-энебизден жашынып жолугабыз. Апалардын тиреши биздин тынч жашоого  мүмкүндүк бербей келет. Тескерисинче «качан ажырашасыңар»  деп сурай башташты. Жолдошумду апасы «башкага үйлөнөсүң» деп жатыптыр. Ортодо экөөбүз кыйналдык, ал башкага көнө албайт, же мен башкага кете албайм. Бир ирет апалардын пикири келишпесе жашообуз ойдогудай болбойт  экен деп, алыстап көрүүнү чечтик. Телефондорду өзгөрттүк, бир жумадай жолугушпадык. Жок. Болбоду, жүрөктөр гана жанчылып, көз жаштар аккандан башка эч пайда чыкпады. Бир  жума өткөндө тереземе таш «тырс»  деп тийгенде учуп  туруп эшикти карадым. Жолдошум турат сыртта. Ал экөөбүз сүйлөшүп жүргөндө да ушинтип, тереземе таш ыргытып чакыра турган.

Экөөбүз жолуктук, ортодо жымжырттык, кучакташкан бойдон ыйлап жаттык. Ошондо да корком кадимкидей, апам билсе урушат деп. Кээде туруп башка жака кетип калалыбы деп ойлобуз. Андай болгондо, эки кудагый «сенин кызың кылды, сенин балаң кылды» дешип чачташып кетиши анык.

Азыр болсо отурсам-турсам кудайдан тилейм, боюма бүтүп калса, балким ойлонуп, кайра бир болуубузга макул болушат чыгар деп.

Адам баласы, болбогон бир дүйнө үчүн башкаларды азапка салганы туура эмес чыгар. Апалар азыр жаш, өз оокаттарын кыла алышат. Бирок, дагы он жылдан соң кандай болот? Тирешүү менен ийгиликке житишпейт го. Азыр биз бир болууну айтсак, жооп дайын «ал сенин башыңды айлантып алган» деген.

Бул да мезгил сыноосу чыгар, сабырдын түбу сары алтын деп, жолдошум экөөбүз уурданып жашап жүрөбүз. Балким, биз  каалаган күн келип, алдыда баары ордуна келет деген ишеним менен жашап жатабыз.

Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.