Саламатсыздарбы «Кадам-медиа.кж» маалымат порталы. Сиздердин сайтка чыккан тагдырларды көп ирет окуп калам. Айрымдарынан өзүмө керектүү сабак алам. Бүгүн мен көптөн бери көңүлүмдө жашап, көөдөнүмө тынчтык бербеген жагдай менен бөлүшүүнү туура көрдүм.

Балким менин тагдырым  кээ бирөөлөргө башкача сезилип, «кантип эле ушундай болсун» деген ойду жаратат чыгар, бирок бул чындык. Азыркы менин абалым.

Биз бала кезде эмнени көрсөк ошол нерсе бизде калыптанып, коркууну, тартынууну жаратат экен. Учурда мен курактуу кызадардын баары «апа» аталып, бир үйдүн куту болгонунан бир топ жыл болду. Алардын астынын  балдары мектепти  деле аяктап калышты. А мен тартынуу, кысынуу менен күн кечирип, жашым мына азыр туура 38 ге келип калды.

Бул нерсенин бирден-бир себеби үй-бүлөдө болгон окуялар. Биз бала кезде жашоо кыйын болуп поляга чыгып иштечүбүз. Жашоонун кыйндыгы кыйнадыбы же  жумуштун жоктугубу айтор атам көп ичет эле. Ал ичкен сайын чуу салып апама кол көтөрүп, үйдө идиш-аяк талкаланып, биз  көчөгө качып ушундай күндөр өттү. Ушул нерсенин баары көп кайталана бергенге менде бир ой пайда болгон «эрдин баары ушундай» деген. Мектепти бүткөн соң иштеп кеттим, базарда соода кылып. Ал жактан алдым жуттум эркектерди көрүп, эмнегедир жигиттер менен жан дүйнөмдү ачып сүйлөшө албайм. Балким өң келбети кандай болду экен деген ой келер сизге. Өң келбетим деле жакшы, тескерисинче өңүмө кызыгып, бир саатык кумардын курмандыгы болгон үй-бүлөлүү мырзалар көз көрүнөө тийишкенде ого бетер жек көрүүм күчөп, эркектерди өзүмдөн алыстата берем.

Бир ирет таэжелерим бир жакшынакай келишкен мырза менен тааныштырышты. Анын жалгыз эле баласы бар экен, аялы көп жыл мурун каза болуп калыптыр. Аялынын эмнеден улам каза болгонун сурасам, «оорудан» деп койгон. Сүрүштүрүп отуруп анын да себебин билдим. Көрсө, ал киши сулуулугуна салып аялынын көзүнө көп ирет чөп салыптыр. Аялы кызганычтан улам күйөөсүн коркутам деп уксус ичип, ошондон жакшы боло албай үч-төрт  жылдан кийин каза болуп калыптыр. Бул окуяны уккан соң сылык сыпаа аны да жолго салдым.

Андан соң өмүрүмдө биринчи ирет өзүмдөн эки жаш кичүү баланы жактырып калдым. Ал да мени жактырарын жашырбады. Ага көнүп кала электе анын да мага чейинки турмушун териштирсем, эки баласы бар экен. Бир жыл мурда аялы менен таарынышып кетиптир. Ошол бойдон ал менен да кезикпей, мээмди, «турмушка чыккандар жыргап жатабы, талашып тартышып урушуп, эринен таяк жеп эле жүргөн аялдар» деген  ойлор ээлеп алган. Кээде туруп, бул дүйнөдө турмушка чыкпай кыз бойдон өткөндөр, оо дүйнөдө үр кыздардын катарын толуктайт дегенди угуп, өзүмдү алаксытып калам.

Атам, апам азыр картайып калды, кээде отуруп мен  үчүн санаа тартаарын көп айтышат. Алардын көңүлүн оорутпай, «картайып баратканда бала багып алам», деп коем. Ал эми тээ жүрөктүн түпкүрүндө, «ата ушунун баарына сенин таасириң бар, балким сен ошенпесең, ипчесең, жашоом башкача болмок беле», деп айткым келет, бирок, тагдыр да, жашоо да, буйруктан деп өзүмдү алаксытып келем. Кантсе да атам менин жарык дүйнөгө келүүмө себеп болгон адам, тамырымда ушул адамдын каны агат эмеспи…

 

Жылдыз