Коом

Польша граффитинин жардамы менен абаны тазалоону чечти

Польшанын ондогон шаарлары искусствонун жардамы менен абаны зыяндуу заттардан тазалоону чечишти. Турак үйлөрдүн көптөгөн фасаддарында булганышты сиңирген боек менен боёлгон граффити пайда болгон деп жазат TheMayor.EU.

Октябрдын башында Польшанын түндүгүндөгү Быдгощ шаарындагы көп кабаттуу үйдүн дубалында 374 чарчы метр эко чийме пайда болгон. Ага минералдык фотокаталитикалык боек колдонулган – ал жарыктын таасири астында учуучу органикалык заттарды жок кылат жана абаны тазалайт.

Жергиликтүү администрациянын сайтында жазылгандай, бир чарчы метр граффити,  автоунаалар, заводдор жана электр станциялары тарабынан абага чыккан уулуу заттарды,  0,44 грамм азот кычкылын сиңирүүгө жөндөмдүү. Аналитиктердин айтымында, граффити 374 дарак сыяктуу, зыяндуу бөлүкчөлөрдү кармай алат, алар белгилегендей дарактарды шаар шартында отургузуу кыйын.

2020-жылы экологиялык  чиймелер Варшавада жана Бельско-Белада пайда болгон, ал эми 2021-жылы Катовице менен Забрзе да колдонгон.  Ушуга окшогон демилгелер Европанын башка шаарларында  популярдуулукка ээ болууда. Бирок, граффити калк жыш жайгашкан аймактардагы кир абаны эффективдүү  тазалай алабы  же жокпу, аны  байкоо  керек.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму акыркы отчетунда абанын булганышын оорулардын жана эрте өлүмдүн башкы себептеринин бири деп атады. Статистикалык маалыматтарга караганда, абанын начардыгынан дүйнө жүзү боюнча жыл сайын жети миллион адам каза болот. Балдарда өпкө начарлап, дем алуу жолдорунун инфекциясы жана астма күчөп кетет, чоң кишилер жүрөктүн ишемиялык оорусу жана инсульт, кант диабети менен жабыркашат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button