Коом

Актер Алек Болдуин кино тартуу учурунда операторду атып алды

 Актёр Алек Болдуин кино тартуу учурунда оператор аялды  атып алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

«Шерифтин кеңсеси тапанча Алек Болдуин тарабынан атылганын тастыктайт», — деп айтылат билдирүүдө.

Окуя бош патрондор толтурулган тапанчадан атуу учурунда болгон. Тасманын режиссёру жака сөөгүнөн жаракат алган, 42 жаштагы оператор аял Алина Хатчинс оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Санта -Фе округунун шерифинин кеңсесинин өкүлү Хуан Риос Болдуинге азырынча эч кандай айып тагыла электигин айтты.

Пистолетке ок -дарылар кандай шартта жүктөлгөнү, ошондой эле Болдуин режиссер менен операторду эмне себептен атканы азырынча ачыкталган жок.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button