Коом

Москва шаарынын бийлиги курулуш тармагында эмгектенген мигранттардан баш тартуу ниеттенде

 Москва шаарынын бийлиги келечекте курулуш тармагындагы чет өлкөлүк жумушчу күчтөн баш тартууга ниеттенип жатат. Мындай билдирүүнү вице-мэр Андрей Бочкарев РБКга берген маегинде жасаган.

Ал белгилегендей, учурда жумушчулар жана инженер-техниктер жетишсиз. Анткени Москвада мынчалык массалык түрдө курулуш жүргөн эмес. Жумушчу күчүнүн жетишсиздиги 40 пайызды түзүүдө. Азыр негизинен Кыргызстан менен Өзбекстандан келген мигранттар иштешет.

Бочкарев ошондой эле мегаполистеги курулуштарда мурда 120 миң адам иштесе, азыр 40 миңдей киши болушу мүмкүн экенин айтты. Вице-мэр мигранттын орточо айлыгы 50-60 миң рублди түзөрүн, көпчүлүгү «80 миң маянага да иштегиси келбей турганын» айтты.

«Мындай абалдан чыгуунун бир эле жолу бар. Кытайдагы жумушчулардын айлык акысы рубль менен эсептегенде орточо 150 миң, финляндиялык жумушчу үчүн 240 миң, Улуу Британияда 250 миңди түзөт. Сырттан жумушчу алып келишпейт. Мен курулуш комплексиндеги кесиптештеримдин жана подрядчылардын алдына Москвадагы курулуш объектилеринде чет элдик жумушчу күчү жок иштөөгө мүмкүндүк берүүчү иш-чаралардын планын иштеп чыгуу тапшырмасын койдум», — деди Бочкарев.

Ал курулуш процессине үч эсе аз адам болушу керек деп эсептейт. Ал эми алардын айлыгы эки, ал тургай үч эсе көп болушу зарыл. Мындай учурда эки эсе тезирээк куруу керек.

Июнь айында РБКга берген маегинде вице-премьер-министр Марат Хуснуллин пандемиядан улам курулуш бизнеси туш болгон, кадрлардын жетишсиздиги жана мигранттардын өлкөдөн чыгып кетиши жумушчулардын эмгек акысын 50 -100% га кымбатташына алып келгенин айткан. Бул акырында курулуштун наркына таасирин тийгизип, турак жайдын кымбатташына алып келет. Өкмөттөгү курулуштун жетекчиси мигранттардын ордуна камактагыларды тартууну жакшы идея деп атады, потенциалдуу 180 миң соттолгондор түрмөдө отурбастан, иштөөгө укуктуу, дейт Хуснуллин.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button