Коом

6 млрд доллар дүйнөдөгү ачарчылык көйгөйүн чече алса, Илон Маск Тесланын акцияларын сатууга даяр

 Дүйнөдөгү эң бай адам Илон Маск, Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлүнүн анын байлыгынын аз гана бөлүгү дүйнөдөгү ачарчылык проблемасын чечүүгө жардам бере алат деген билдирүүсүнө чакырык таштады. Бул тууралуу Bloomberg  жазды.

Маск БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директору Дэвид Бислинин комментарийлерине жооп берди. Ал өткөн жумада  Маск сыяктуу миллиардерлерге твиттерден кайрылып «азыр биргеликте  иш-аракет кылууну» суранган.

Бисли миллиардерлер Илон Маск жана Джефф Безоско кайрылып, “Болгону 6 миллиард доллар 42 миллион адамды өлүмдөн сактап кала алат”,- деген.

Эгерде Дүйнөлүк Азык-түлүк программасы ачык отчеттуулукту колдонуп, «6 миллиард доллар дүйнөлүк ачарчылыкты кантип чечерин так сүрөттөп бере алса, мен Тесланын акцияларын азыр сатам жана муну жасайм» деп, жазган Маск Twitter баракчасына.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button