Коом

ИИМ: Шайлоонун жол-жобосун бузган 128 факты катталды

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүү учурунда Ички иштер министрлиги жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларын жүргүзүүдө.
Ошондой эле, ИИМ жарандардын арасында коомдук тынчсыздандырууга алып келген жалган маалыматтарды тараткандарды аныктоо үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына, социалдык тармактарга жана телерадио жыштыгына мониторинг жүргүзүп жатат.
Шайлоо алдындагы үгүттөө иш-чаралары башталган учурдан тартып 2021-жылдын 15-ноябрынын саат 08:00 убактысына карата шайлоонун жол-жобосун бузган 128 факты катталган.
Бул көрсөтүлгөн аралыкта 28 кылмыш катталды. Анын ичинен Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренеси “Шайлоочуларды сатып алуу” боюнча 21 факты, 82-беренеси “Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу” боюнча 2 факты, 200-беренеси “Уурдоо” боюнча 2 факты, 355-беренеси “Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук” боюнча 1 факты, 145-беренеси “Өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу жана коркутуу” боюнча 1 факты, жана 266-беренеси “Ээнбаштык” боюнча 1 факты катталган.
Жогоруда көрсөтүлгөн мезгил аралыгында 27 жоруктар катталган. Анын ичинен Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренеси “Майда бейбаштык” боюнча 1 факты, 87-1-беренеси “Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу” боюнча 18 факты, 94-беренеси “Бөтөн мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу” боюнча 6 факты, 90-беренеси “Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо” боюнча 6 факты жана 66-беренесинде “Ден соолукка жеңил зыян келтирүү” боюнча 1 факты катталган.
Мындан тышкары, ИИОнун маалыматтарды каттоо журналына ар кандай 73 материал катталган, анын ичинен 43 номенклатуралык ишке чыгышталган, 15 материал аймактык шайлоо комиссиясына карап чыгууга жөнөтүлгөн, 8 материал башка сотко чейинки өндүрүшкө бириктирилген, дагы 7 материал каралууда.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарга кайрылып, мессенджерлердеги, социалдык тармактардагы чагымчыл, жалган материалдарды таратуудан алыс болууга чакырат жана мындай фактылар боюнча ички иштер органдарына — 102 телефон номуру аркылуу кабарлоону суранат.
Ички иштер министрлиги саясий маселелерге катышпайт, бардык жарандарга жана партияларга бирдей мамиле кылат, кырдаалды туруксуздаштырууга жол бербейт, бирок укуктук тартиптин бузулушу боюнча фактылар орун ала турган болсо анда ал фактылар катталып, мыйзам чегинде коомдук тартипти бузгандарга чара көрөт.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button