Саясат

Азат Эркебаевдин программасы эл тарабынан кызуу кабыл алынууда

«Ишеним» саясий партиясынан депутаттыка талапкер Азат Эркебаев Чоң-Алай районунун Чулук, Жекенди, Шибее, Кулчу, Сары-Булак, Жар-Башы, Чак, Жаш-Тилек, Кызыл-Эшме, Кабык, Ачы-Суу айылдарына барып жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү.

Эл менен жолугушууда Азат Эркебаев партиянын платформасын айтып берип, Чоң-Алайга тиешелүү чек ара маселелери, ушул айылдарга чек ара аймагы макамын берүү, Карамык өткөрмө постуна эл аралык макам берүү, келечекте курулуучу газ, жергиликтүү калктын жашоосун бакубат кылуунун жолдору, ишкерликке шарт түзүү жана башка элет элинин турмуш тиричилигине тиешелүү маселелерди козгоп өттү. А.Эркебаевдин программасы эл тарабынан кызыгуу менен кабыл алынып, колдоо тапты.

Жолугушуу учурунда жогорудагы айылдардын тургундары Азат  Эркебаевдин шайлоодо ийгиликке жетишине тилектештигин билдиришип, ак батасын беришти.

“Ишеним” саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Турдакунова Эльвира Алмазбековна тарабынан төлөндү (Күб.№6, 01.09.2021 ж.).

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button