Коом

Бишкекте Жаңы жылда майрамдык фейерверк атылбайт

Жаңы жылга карата Бишкекте майрамдык фейерверк болбойт. Бул тууралуу борбор калаанын муниципалитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка карганда, мындай чечим экологиялык коопсуздук үчүн кабыл алынган.

«Жыл сайын күз-кыш мезгилинде шаардыктар абанын сапатынын байкаларлык начарлашына туш болушат, борбор калаада абанын булгануу деңгээли антирекорддук көрсөткүчкө жетти. Буга байланыштуу мэрия ансыз да морт болгон экологиялык абалды начарлатууну туура эмес деп эсептейт», — деп билдирди муниципалитет.

Мэриядан кошумчалагандай, бул каражат – 800 миң сомго жакыны маанилүүрөөк максаттуу иштерге  жумшалат.

«Мэрия айлана-чөйрөнү жана коопсуздукту сактоо максатында шаар тургундарын Жаңы жылды майрамдоо учурунда фейерверк сатып алуудан жана колдонуудан алыс болууга чакырат», — деп кошумчалашты мэриядан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button