Коом

Мамкурулуш: Курулушу көпкө созулган социалдык объектер текшерүүдөн өттү

Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй областарындагы социалдык курулуштардын сапаты, каржынын туура пайдаланылышы, техникалык иштердеги жоопкерчилик текшерүүгө алынды.

Мамлекеттик курулуш (Госстрой) мекемесинен алган маалыматка ылайык, “КРдагы архитектура жана шаар курулушу жөнүндө” мыйзамдын 40-беренесине ылайык, курулуштар убагында бүтүрүлгөн эмес, автордук жана техникалык көзөмөлдө мүчүлүштүктөр кеткендиги аныкталган.

 

Ошондой эле, курулушту аткарган уюмдар  тарабынан лабороториялык текшерүүлөр,техникалык жана автордук текшерүулөр убагында жасалган эмес.

«Долбоордук чечимдерден четтөө, курулуш, коопсуздук жоболоруна жана эрежелерине жооп бербөө, курулуш мөөнөтүнөн кеч калуу сыяктуу чектен чыккан каталар аныкталган” — деп жазылат Мамлекеттик курулуштун маалыматында.

Текшерүү жана көзөмөл жыйынтыгында, мамкурулуштун жетекчиси Токтомамбет Сатышев социалдык объектилердеги катачылыктарды жоюуу, Турак жай граждандык курулуш депортаментинин жетекчилерин, капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысын жана курулушту аткарган уюм мүчөлөрүн жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берди.

Текшерилген социалдык объектер:

— Военно-Антоновка айылындагы орто мектеп, Чүйская областы,

— Семеновка айылындагы орто мектеп, Ысык-Көл областы,

— Күн-Туу айылындагы орто мектеп, Чүй областы,

— Кара-Коо айылындагы орто мектеп, Ысык-Көл областы,

— Арал айылындагы орто мектеп, Талас бласты,

— Чыңгыз-Ордо, Талас областы,

— Ак-Кыя спорт аянтачасы, Нарын областы.

Текшерүүдө курулуп жаткан объектилердин коопсуздугуна жана сапатына, убагында эксплуатациялоого терс таасирин тийгизген учурлар аныкталгандыктан, мыйзам бузуулар ордуна келтирилип, объектилердин сапаты талапка ылайык келтирилиши керек.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button